Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Кыргызстан жакынкы жылдары саламаттык сактоого кеткен чыгымды үч эседен ашык көбөйтөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди. Ал ошондой эле кийинки жылы медиктердин маянасы кыйла жогорулай турганын, ал эми заманбап медициналык инфраструктураны курууга болуп көрбөгөндөй мамлекеттик инвестициялар багытталарын белгиледи. Эске салсак, президент саламаттык сактоо тармагына мамилени түп-тамырынан бери жаңылоо жана натыйжалуулугун жогорулатуу милдетин коюп, жаңы министр дайындаган.
УКМКнын төрагасынын дагы бир орун басарлыгына, Антитеррордук борбордун жетекчилигине Элизар Сманов дайындалды. Бул боюнча жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Буга чейин ведомствонун жетекчисинин дагы бир орун басары болуп Курванбек Авазов бекитилген. Соңку күндөрдү УКМКда кадр алмашуу болуп жатат. Мурдараак Даниэль Рысалиев УКМК төрагасынын орун басары — Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борбордун директору болгон. Коопсуздук кеңешинин катчысы Бактыбек Бекболотов да иштен алынып, ордуна УКМК төрагасынын биринчи орун басары Рустам Мамасадыков кеткен. Мындан сырткары. УКМКнын Бишкек шаары боюнча жетекчилигин аркалаган Салмоор Жумабековдун ордуна мурда Чүй бөлүмүн башкарган Элдар Жакыпбеков келди. Ал эми Жумабеков Ош облустук башкармалыкка кетти.
Ысык-Көлдөн 20 жаштагы келин эс алуу борборундагы кызматкер күйөөсүнүн өлүмүнө себепкер болгон деп жана аталган факт боюнча тергөөчү иш козгобой жатканын айтып акыйкатчыга кайрылды. Бул туурасында Акыйкатчы институтунан кабарлашты. Трагедия Ысык-Көл районуна караштуу Семёновка айылында быйылкы жылы, май айында болгон. Аталган институттан 2025-жылы 20-майда каза болгон кызматкер ишке чыкмак эместигин, бирок аны барып иштеп келүүнү суранышкандыгын айтышты. 24 жаштагы электромонтёр электр кубаты боюнча чыккан маселени жөндөп, электр түркүгүнөн ылдый түшүп келе жатканда, өткөргүчтөр туташып кеткен. Келиндин айтымында, эс алуу борбордун кызматкери РЭСтегилер менен макулдашпастан, күйгүзүп-өчүргүчтү иштетип жиберген. Андан улам күйөөсүн ток уруп, көз жумган. Омбудсмен институту райондук милицияга кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн кат жөнөткөн. Облустук прокуратура иш козголбойт деген чечимди жокко чыгарып, кошумча текшерүү жүргүзүүгө тапшырма берди.
АКШ президенти Дональд Трамп атайын чабарманы Стив Уиткофф жана күйөө баласы Жаред Кушнердин Россия лидери Владимир Путин менен жолугушуусу маани-маңыздуу өткөнүн айтып, Украина үчүн абалды жөнгө салуунун шарты кыйла начарлаганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады. Трамптын айтымында, Уиткофф менен Кушнер Москванын согушту бүтүрүү ниети күч экенине ишендиришкен. Деген менен АКШ лидери жолугушуу эмне натыйжа берерин билбей турганын белгиледи. Ал ошондой эле Украинадагы чыр-чатакты жөнгө салуу шарттары Киев үчүн кыйла начарлаганына токтолгон. "Зеленский ошондо эле макулдашууга көнүшү керек болчу. Колунда эч кандай көзүрү жок да. Ошол маалда жөнгө салуу үчүн шарт бир топ жакшы болчу. Акылга салбай коюшту. Азыр эми көп нерсе аларга каршы иштейт", — деди Трамп Ак үйдөгү иш-чарада.