Президент Садыр Жапаров Пакистан Ислам Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Исламабад шаарындагы Аэрокосмостук илим жана технологиялар улуттук паркындагы аскердик көргөзмөгө барды. Бул тууралуу анын маалымат кызматы билдирди. Аталган жай авиация, космос, IT жана киберкоопсуздук тармактарында изилдөөлөрдү, долбоорлоону жана инновацияларды өнүктүрүү үчүн мамлекеттик структураларды, илимий мекемелерди жана өнөр жайды бириктирген заманбап платформа.Жапаров учкучтун кабинасына кирип, адистер ага борттогу жабдуулар жана кыйраткыч учактын техникалык өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтып беришкен. Жапаров технологиянын жогорку деңгээлин белгилеп, кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экенин билдирген.
Илим, билим, технология канчалык бийиктикке жетпесин, "Манас" эпосу сыяктуу улуу баяндар адам сезиминен, жан дүйнөсүнөн жаралат. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Арслан Койчиевдин куттуктоосунда айтылганын президенттин маалымат кызматы кабарлады. Бүгүн Кыргызстанда "Манас" эпосунун күнү белгиленип жатат. "Манас" эпосунун үчилтигин ар тараптан изилдөө боюнча президенттин жарлыгына ылайык, мыйзам кабыл алынган. Документ кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын мамлекет тарабынан коргоого алууну, аны сактоого жана өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды жүргүзүүнү карайт", — деди мамлекеттик катчы. Ал кыргыз элинин басып өткөн жолу кайсы бир убактарда таштарга чегилип жазылса, ошону менен катар эле оозеки аңыз түрүндө айтылып, ооздон оозго өтүп, улам кийинки муунга калып, кошулуп-көбөйүп олтуруп, өтө чоң көлөмдүү чыгармага айланганын белгиледи. Мамлекеттик катчы ата-бабадан мурас калган дастандар миңдеген жылдар бою сакталышына тилектеш экенин белгиледи.
Улуттук банк чет өлкөдөн которулган акчадан комиссия алууга тыюу салынганын кабарлады. Маалыматта чара кийинки жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин колдонулары айтылат. Максаты — керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана акча которуунун жогорулатуу. Эске сала кетсек, Кыргызстанга акчанын басымдуу бөлүгүн которгон оператор 1-декабрдан тарта Россиянын рубли менен келген каражатка 1,5 пайызга чейин комиссия киргизерин билдирген.
АКШ президенти Дональд Трамп атайын чабарманы Стив Уиткофф жана күйөө баласы Жаред Кушнердин Россия лидери Владимир Путин менен жолугушуусу маани-маңыздуу өткөнүн айтып, Украина үчүн абалды жөнгө салуунун шарты кыйла начарлаганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады. Трамптын айтымында, Уиткофф менен Кушнер Москванын согушту бүтүрүү ниети күч экенине ишендиришкен. Деген менен АКШ лидери жолугушуу эмне натыйжа берерин билбей турганын белгиледи. Уиткофф менен Кушнер Москвадан келери менен сүйлөшүү тууралуу айтып берип, аны "маңыздуу, негиздүү болду" деп сыпатташкан. Ошондой эле жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу Киевге да маалымат берилген. Путин Трамптын өкүлдөрүн шейшемби күнү кабыл алган болчу. Америкалык пландын тегерегиндеги баарлашуу беш саатка созулган, бирок тараптар мунасага келе элек. Ишти улантуу макулдашылып, сүйлөшүүнүн мазмунун купуя сактоо чечилген.