Улуттук хор өнөрүн өнүктүрүүгө жаңы чыгармалар кандай салым кошо алат?

Sputnik
Өлкөдө “Хор үчүн чыгармалар” аттуу кыргыз композиторлорунун ачык кароо-сынагы уюштурулду. Сынакка жалпы 32 чыгарма катышып, алар белгилүү композиторлор, хормейстерлер жана акындардан турган калыстар тобу тарабынан бааланды. Натыйжада, Баласагын Мусаевдин “Дүйнө закым” жана Гүлбара Маматованын “Эне-Сай” чыгармалары баш байгенин ээси болду. Мындан тышкары I, II жана IIIорундардарды багындырган чыгармалар болду. Маалымдалгандай, сынактын максаты улуттук хор өнөрүн өнүктүрүүгө жана жаңы чыгармаларды жаратууга өбөлгө болуу болуп саналат. Деги эле өлкөдө хор өнөрүнүн бүгүнкү деңгээли кандай? Кыргыз хор өнөрүндө кандай көйгөйлөр бар? Композиторлордун жаңы мууну өсүп келе жатабы? Ушул жана башка суроолорго маданият өкүлдөрүнөн “Спутниктен сүйлөйбүз” программасынын алкагында жооп ала алдык.