Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Sputnik
Президент Садыр Жапаров Пакистан Ислам Республикасынын премьер-министри Шахбаз Шарифтин чакыруусу менен аталган өлкөгө мамлекеттик сапар менен барды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.Президентти Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф жана мамлекет башчысы Асиф Али Зардари, расмий адамдар тосуп алышты.Жапаровдун урматына 21 жолу замбирек атылган. Сапардын алкагында Жапаров Пакистандын бийлиги менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Тараптар өз ара кызыкчылыкты жараткан негизги тармактардагы кызматташууну, эки өлкөнүн мамилелерин мындан ары өнүктүрүү келечегин талкуулашмакчы
Борбордук шайлоо комиссиясы чуулуу №13 округдагы добуш берүүнү жокко чыгарып, кайра шайлоо өткөрүү боюнча чечим кабыл алды. Буга кайсы бир талапкердин тарапташтары шайлоочуларды телефонго тартып, добуш берүүнү көзөмөлдөгөнү далилденгени себеп экени айтылды. Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы Махабат Кожокеева маалымат берип, добуш берүүнүн жүрүшү шайлоочунун идентификациядан өтүшүнөн тартып, бюллетень таштаганга чейинкиси толук видеого жазылып турганын көрсөттү. Чечимге ылайык, бул мыйзам бузууга тиешеси бар 14 талапкер кайра шайлоого катышуу укугунан ажыратылат. Бул округда Бакыт Сыдыков, Айбек Алтынбеков жана Айгүл Карабекова алдын ала жыйынтык боюнча озуп жаткан. Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарда бир талапкердин тарапташтары шайлоо маалында телефонго тартып алып жатканы тарап, коомчулукта кызуу талкуу жараткан.
Улуттук банк чет өлкөдөн которулган акчадан комиссия алууга тыюу салынганын кабарлады. Маалыматта чара кийинки жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин колдонулары айтылат. Максаты — керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана акча которуунун жогорулатуу. Эске сала кетсек, Кыргызстанга акчанын басымдуу бөлүгүн которгон оператор 1-декабрдан тарта Россиянын рубли менен келген каражатка 1,5 пайызга чейин комиссия киргизерин билдирген.
Агартуу министрлиги "Учкун" басмаканасынан 5-класстын окуучулары үчүн чыгарылган математика предмети боюнча окуу китептерин алганын кабарлады.Китептер окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн 87 150, ал эми орус тилинде окуткан билим жайлары үчүн 66 030 нускада даярдалган. Министрликтен эми китеп тартыш болбой турганын айтышты.
РФ ТИМи НАТО өкүлүнүн Россияга карата "алдын алуучу сокку" боюнча билдирүүсүнө жооп бергенин РИА Новости жазды. Министрликтин расмий өкүлү Мария Захарованын айтымында, альянс Украина боюнча сүйлөшүүгө жолтоо боло албай, эми ушундай жол менен коркутуп-үркүтүүгө өтүп жатат. "Бул Украинадагы кырдаалды жөнгө салууга багытталган байланыштар жанданып жаткан күндөрдө атайын жасалды", – деди Захарова. Дипломат буга чейин Россияга каршы макалалар биринин артынан экинчиси пайда болгонун белгиледи. "Кыязы, алар күткөн жыйынтык болбой калгандай. Байланыштар уланып, эч ким бул иш-аракеттерге чагымчылар каалагандай кадам таштаган жок. Мындан улам алар коркутууларга, келишимдерди бузууга өңүт алган чабуулга өтүштү", — деди Захарова. Анын берген баасы боюнча бул Батыштын согуштун уланышына кызыкдар болгон тараптарынын кызыкчылыгы үчүн жасалууда.