4-декабрь — “Манас” эпосунун күнүнө карата өлкө боюнча атайын бир айлык иш-чаралар башталып, манасчыларды колдоо, улуттук маданий мурасты сактоо жана жаштар арасында эпосту жайылтуу багытында кеңири иштер жүрүүдө. Бул айлык алкагында мектептерде жана ЖОЖдордо жолугушуулар, мастер-класстар, сынактар уюштурулуп, манасчылардын өнөрү коомчулукка жакындан таанытылууда. Максат — улуу эпостун рухун кийинки муунга жеткирүү, мекенчилдикти жана улуттук баалуулуктарды бекемдөө. Кененирээк Кыргыз улуттук “Манас” театрынын директору, манасчы Нурбек Талантбеков айтып берди.