Пресс-борбор

Кадастр планынын кириши менен жерге берилүүчү кызыл, жашыл китептер жокко чыкпайт

Sputnik
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Кыргызстанда Жер кодексинин жаңы редакциясы кабыл алынгандан кийин жер тилкелерине болгон укуктарды каттоо системасы өзгөрөт. Мурда колдонулуп келген кызыл жана жашыл китептердин ордуна эми жер ээлерине бирдиктүү кадастрдык план берилет.
Мамлекеттик агенттиктин (жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча) директорунун орун басары Жакшылык Токтосунов Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингде бул туурасында түшүндүрүп берди.
Анын айтымында, бул документтерди бирдиктүү формага келтирүү, бири-бирин кайталап калууну жоюу жана коррупциялык тобокелдиктерди кыскартуу үчүн жасалууда.
Токтосунов белгилегендей, мурдагы кызыл жана жашыл китептер жер тилкеси четтетилгенге чейин күчүндө калат. Жерди ээсинен башка бирөөгө сатуу же өткөрүп берүү учурунда жаңы кожоюну эми кадастрдык план алат.
Анын айтымында, мурда мамлекеттик актылар болгону кагаз түрүндө эле берилсе, азыр кадастрдык план санарип форматта болот. Тагыраагы, ал "Түндүк" системасы аркылуу электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынан чыгат.
"Ар бир жаран документтин чыныгы экенин онлайн түрдө текшере алат, бул кыймылсыз мүлктү сатып алуу учурунда текшерүү иштерин жөнөкөйлөтөт", — деди ал.
Кадастрдык планды мурдагы документтер сыяктуу эле, акы төлөп ала алышат. Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик билдиргендей, эми кадастр укуктарды тастыктоочу документ макамын алат. Тагыраагы, кыймылсыз мүлкктүн паспорту сыяктуу болот, анда объект тууралуу негизги делген бардык маалымат кирет.
"Негизги басым жасалма документтерден алыс болууга жасалууда. Кадастрдык планга QR-код киргизебиз, ошол аркылуу документтин жасалма эместигин текшерүүгө болот", — деди Токтосунов.
Кадастрдык планды жаңылоо болжол менен 1400 сомдун тегерегинде болот.
"Түндүк" тиркемесинде кыймылсыз мүлк боюнча жеткиликтүү болгон кызматтар