Пресс-борбор

Кыргызстанда эми жер тилкеси тууралуу маалыматты онлайн көрүүгө болот

Sputnik
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Кыргызстанда эми "Түндүк" тиркемесинен жер тилкеси жана кыймылсыз мүлк тууралуу маалыматты текшерип алууга болот. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин (Мамлекеттик каттоо) директорунун орун басары Жакшылык Токтосунов Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин (Мамлекеттик каттоо) директорунун орун басары Жакшылык Токтосунов (сол жакта)
Анын айтымында, бул үчүн кыймылсыз мүлккө менчик укугун тастыктаган маалым каттар жайгаштырылган "Менин кыймылсыз мүлкүм" бөлүгүнө кирүү керек.
Ал эми "Мамлекеттик реестрден көчүрмө" деген бөлүктөн менчик ээси тууралуу, ошондой эле анын кадастрдык кодун киргизүү менен жер тилкесине укугун тастыктаган маалыматтарды алууга болот.
Жер тилкелери менен кыймылсыз мүлк объектилеринин коддору кадастр картасындагы darek.kg тиркемесинде жеткиликтүү.
Мэр: Бишкектин башкы планын талкуулоого шаардыктар активдүү катышып жатат