ЕАЭБде поезд менен саякаттоо жеңилдейт

Sputnik
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. ЕАЭБ аймагында поезд менен жүрүү жеңилдейт. Бул тууралуу ЕЭК билдирип, аталган тармактагы жол-жоболорду жеңилдетүү боюнча сунуштарды кабыл алганын кабарлады.
Мында текшерүүлөрдүн санын азайтуу пландалууда.
ЕАЭБ аймагында колдонула турган бирдиктүү электрондук билеттер киргизилиши мүмкүн, онлайн каттоо жана төлөмдүн бирдиктүү системасын түзүү каралууда.
ЕЭК министри өлкөнүн өнөр жайынын артыкчылыктуу тармактарын белгиледи