"Тёплые ключи" комплексинин жери мамлекетке кайтарылды

Sputnik
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Аламүдүн районундагы Таш-Мойнок айылында жайгашкан "Тёплые ключи" ден соолукту чыңдоо комплексине караштуу 1,12 гектар жер тилкеси мамлекеттин карамагына кайтарылганын Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматта текшерүү жүргүзүлүп, натыйжада комплексти минералдык суу менен камсыздаган жер аянты 1998-жылы "КС" ЖЧКсына мыйзамсыз өтүп кеткени аныкталган.
Жел тилкесинин базар баасы 442,5 миллион сомду түзөрү кабарланды.
Көк-Жар айылынын 172-контурундагы 6 гектар жер мамлекетке кайтарылды