БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Сасык тумоо жана КРВИ менен ооругандардын саны улам өсүп жатканына байланыштуу республика боюнча 65 бала бакча убактылуу жабылып, Оштогу беш мектеп онлайн окууга өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, жабылган бакчалардын 25и Бишкекте болсо, калган 40ы Чүйдө жайгашкан.
"Ар кандай уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине санитардык эрежелер даярдалып берилди. Райондук администрацияларга жана тиешелүү ведомстволорго, анын ичинде Агартуу министрлигине, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына каттар жөнөтүлдү. Ири соода борборлоруна, маданий жана билим берүү мекемелерине профилактикалык чараларды күчөтүү зарылдыгы кабарланды", — деди министрлик.
Эпидемиологиялык абал туруктуу болгон аймактарда оорунун жайылышына жол бербөө үчүн алдын алуу иштерин активдештирүү тапшырылды.
Өткөн жумада КРВИ жана сасык тумоонун 37 миңден ашык учуру катталган, бул мурунку жумадан 2,5 эсе көп. Ооругандардын 73 пайызы 14 жашка чейинки балдар.
Бишкек, Ош шаарлары, Баткен жана Чүй облустарында илдет эң көп катталган.