Ош облусуна жетекчи болуп Аманкан Кенжебаев дайындалды. Таржымалы

Sputnik
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Аманкан Кенжебаев дайындалганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Аманкан Кенжебаев
Аталган кызматты ээлеп келген Элчибек Жантаев Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болгон.
Аманкан Кенжебаев 58 жашта, Чүй облусунун Дөң-Алыш айылынан. VII чакырылыштын депутаты, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетин жетектеген.
Парламенттик шайлоодо 19-округдан талапкерлигин коюп, өтпөй калган.
Садыр Жапаров бир катар кадрларды алмаштырды