БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Кыргызстандык спортчулардын виза маселесинен улам Бириккен Араб Эмирликтеринде өтө турган бокс боюнча дүйнө чемпионатынын ачылыш салтанатын 4-декабрга жылды. Бул тууралуу Мамлекеттик спорт агенттиги билдирди.
Эскерте кетсек, биринчилик бүгүн, 3-декабрда, башталмак.
Буга чейин кыргыз спортчуларынын виза албай калганы маалымдалып, кийинчерээк Бокс федерациясы көйгөй чечилгенин айткан болчу.
Турнир Дубай шаарында өтөт.