Радио

Атчан патрулдун кызматкерлерин көбөйтүү пландалууда

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Милициянын кайгуул күзөт кызмат полкунун командири, милициянын полковниги Канатбек Жумаев ат үстүндөгү милиция кандай шарттарда кызмат өтөй тургандыгын айтып берди.
Sputnik
Өлкөнүн атчан патруль кызматында жалпы 43 милиция кызматкери жана 32 кызматтык ат бар. Бул тууралуу Канатбек Жумаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, атчан патруль кызматкерлери тоолуу, автоунаа бара албай турган аймактарда жана сейил бактарда коопсуздукту сактайт.
"Атчан милиционерлер тоого же татаал жерлерге автоунаадан тезирээк жетет. Кырдаал курчуса ыкчам жооп кайтарат. Эл менен түз байланышта болуп, туристтик жайларда да коопсуздукту камсыздайт. Ошондуктан жай мезгилинде күчөтүлгөн тартипте иштешет. Жаран же эс алып келген коноктор кырсыкка кабылып, жаракат алса биринчи жардам көрсөтө алышат. Бул үчүн алар атайын окутулат жана жанында дайыма медициналык топтому болот. Негизинен бул кызматка айылда чоңоюп, атка жакын өскөн жигиттер дайындала алат. Жогорку окуу жайды, орто мектепти бүтүргөндөр арыз берсе болот. Азыр 27 талапкердин документи каралууда. Алар милициянын орто мектебинде үч айлык окуудан өтүп, андан соң сынак аркылуу жумушка кабыл алынат. Аттарды да өзүнчө карайбыз. Алардын абалы, курагы, чыдамкайлыгы маанилүү. Аттарды кызматкерлер өздөрү машыктырып, багып, ишке даярдайт ", — деди Жумаев.
Ал ошондой эле атчан патрулдун кызматкерлеринин санын 50-60ка чейин көбөйтүү мерчемделип жатканын кошумчалады.