Оштун жаңы жетекчиси Аманкан Кенжебаевдин өмүр баяны

Аманкан Кенжебаев 1967-жылдын 24-августунда Чүй облусунун Сокулук районунун Дөң-Алыш айылында туулган.
Sputnik
Кенжебаев 7-чакырылыштын депутаты болгон. Ал эми жаңы чакырылышка шайлоодо 19-округдан талапкерлигин коюп, өтпөй калган. 2025-жылдын 3-декабрында президенттин Ош облусундагы өкүлү болуп дайындалды.
Билими:
1987-жылы Фрунзе совхозунун техникумунан зоотехник кесибине окуган, 2005-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин аяктап "экономист" адистигине ээ болгон;
Эмгек жолу:
1987-1990 — Советтик Аскер-дениз флотунда кызмат өтөп, старшина болгон;
1990 — Ленин атындагы колхоздо ферманын эсепчиси;
1991-1993 — Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинде зоотехник;
1993-1996 — "Шорго" айыл чарба кооперативинин төрагасынын орун басары, андан кийин Кыргызпотребсоюзунун кампа башчысы;
1997-1998 — "Бек-Констракшн" фирмасында жабдуучу;
1999-жылдан тарта Бишкек Эркин экономикалык аймагынын (СЭЗ) көзөмөлдөөчү, ага көзөмөлдөөчү, Тартип башкармалыгында күзөт жетекчиси, көмөкчү чарбанын (курулуш боюнча) башкаруучусу, кийинчирээк Курулуш жана механизация бөлүмүнүн башчысы болгон (1999-2001);
2001-2011-жылдары Бишкек Эркин экономикалык аймагында жоопкерчилиги чектелген өндүрүштүк коомдордо ("Арпа","СЭЗ Курулуш", "Баден-Сервис") башкы директор. Ал жетектеген "Баден-Сервис" курулуш долбоор фирмасы Ысык-Көлдөгү "Ак-Марал" эс алуу борборун, Американын "Ганси" авиабазасынын казармасын жана ашканасын, "Банк-Азия" жабык акционердик коомунун имаратын курган. 2000-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик курулушунун 1-деңгээлдеги лицензиясын алууга татыктуу болгон;
Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ала-Арча айылдык кеңешинин, андан кийин Сокулук районунун Военно-Антоновка айылдык кеңешинин депутаты болуп шайланган;
2011-2012 — "СЭЗ Бишкек" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директорунун орун басары;
2012-2017 — Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими;
2020-2021 — Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими;
2021-жылдын май айынан октябрь айына чейин Ош облусунун Кара-Кулжа районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими болуп иштеген;
Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.