БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы чуулуу №13 округдагы добуш берүүнү жокко чыгарып, кайра шайлоо өткөрүү боюнча чечим кабыл алды.
Буга кайсы бир талапкердин тарапташтары шайлоочуларды телефонго тартып, добуш берүүнү көзөмөлдөгөнү далилденгени себеп экени айтылды. Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы Махабат Кожокеева маалымат берип, добуш берүүнүн жүрүшү шайлоочунун идентификациядан өтүшүнөн тартып, бюллетень таштаганга чейинкиси толук видеого жазылып турганын көрсөттү.
Чечимге ылайык, бул мыйзам бузууга тиешеси бар 14 талапкер кайра шайлоого катышуу укугунан ажыратылат.
Округга Базар-Коргон шаары № 2423, № 2428, № 2140, № 2141 шайлоо участкаларынын чектеринде, Базар-Коргондун Кеңеш, Арстанбап-Ата, Сайдыкум айыл аймактары, Садырбаев, Э.Алиев, Момбеков айыл аймактары, Ноокен районунун Кочкор-Ата шаары, Майлуу-Суу районундагы Майлуу-Суу шаары кирет.
Бул округда Бакыт Сыдыков, Айбек Алтынбеков жана Айгүл Карабекова алдын ала жыйынтык боюнча озуп жаткан.
Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарда бир талапкердин тарапташтары шайлоо маалында телефонго тартып алып жатканы тарап, коомчулукта кызуу талкуу жараткан.
Округдан аттангандардын тизмеси:
Мамытов Талант
Сыдыков Бактыбек
Алтынбеков Айбек
Джураева Чинара
Нурбаева Гүлназ
Нышанов Сайдулла
Султанова Олмаскан
Жээнбекова Гулназ
Курбаналиев Жаныбек
Маматалиева Мунара
Саипов Айбек
Кенжебаев Нурланбек
Карабекова Айгуль
Абдалиев Мейкинбек.