Мыйзамсыз аң уулагандарга жыл башынан бери 2 миллион сомдон ашуун айып салынды. Мурдагы жылдарга салыштырмалуу бул көрсөткүч азырак. Анткени заман талабына ылайык, жабдуулар, жаңы ыкмалар өз натыйжасын берүүдө. “Ачык кеп” программасында өлкөдө браконьерлерге каршы күрөш жана ушул багытта жүрүп жаткан иштер тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын, биоресурстарды көзөмөлдөө бөлүмүнүн инспектору Улан Мелисов айтып берди.