Кыргызстанда нак акча колдонбой, онлайн төлөмгө өткөндөр көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев билдирди. Анын айтымында, ELQR системасы иштей баштагандан бери жүргүзүлгөн операциялардын саны 55 эсеге, ал эми төлөмдөрдүн жалпы көлөмү 85 эсеге көбөйгөн. "Ушул жылдын алты айында QR аркылуу 274,9 миллиард сом төлөнгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилинен 20 эсеге көп. Ошондой эле колдонууда накталай акчанын үлүшү азайып жатат. Карталардан акча чыгарып алуу дагы үчтөн бирге кыскарган", — деди ал. Жарандардын каржыга болгон мамилеси өзгөргөнү да белгиленди. Мисалы, чыгымдар ачык-айкын болуп, шашылыш сатып алуулар азайган. Бюджетти пландаштыруу жеңилдегени айтылат. Онлайн төлөмдөр бардык тармакта нормага айланып, эл коммуналдык кызматтардан тартып мамлекеттик төлөмдөргө чейин ушул ыкмага өткөн. Анын ичинде мамлекеттик төлөмдөр 371 эсеге өскөн.
Кыргызстанда Жер кодексинин жаңы редакциясы кабыл алынгандан кийин жер тилкелерине болгон укуктарды каттоо системасы өзгөрөт. Мурда колдонулуп келген кызыл жана жашыл китептердин ордуна эми жер ээлерине бирдиктүү кадастрдык план берилет. Мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Жакшылык Токтосунов Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингде бул туурасында түшүндүрүп берди. Анын айтымында, бул документтерди бирдиктүү формага келтирүү, бири-бирин кайталап калууну жоюу жана коррупциялык тобокелдиктерди кыскартуу үчүн жасалууда. Токтосунов белгилегендей, мурдагы кызыл жана жашыл китептер жер тилкеси четтетилгенге чейин күчүндө калат. Жерди ээсинен башка бирөөгө сатуу же өткөрүп берүү учурунда жаңы кожоюну эми кадастрдык план алат. Анын айтымында, мурда мамлекеттик актылар болгону кагаз түрүндө эле берилсе, азыр кадастрдык план санарип форматта болот. Тагыраагы, ал "Түндүк" системасы аркылуу электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынан чыгат. Кадастрдык планды мурдагы документтер сыяктуу эле, акы төлөп ала алышат. Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик билдиргендей, эми кадастр укуктарды тастыктоочу документ макамын алат. Тагыраагы, кыймылсыз мүлкктүн паспорту сыяктуу болот, анда объект тууралуу негизги делген бардык маалымат кирет. Кадастрдык планды жаңылоо болжол менен 1400 сомдун тегерегинде болот.
Россия ТИМи НАТО өкүлүнүн Россияга карата "алдын алуучу сокку" боюнча билдирүүсүнө жооп бергенин РИА Новости жазды. Министрликтин расмий өкүлү Мария Захарованын айтымында, альянс Украина боюнча сүйлөшүүгө жолтоо боло албай, эми ушундай жол менен коркутуп-үркүтүүгө өтүп жатат. Кеп НАТОнун аскер комитетинин өкүлү Жузеппе Каво Драгоненин буга чейин Financial Times басылмасына альянс Россияга алдын ала сокку уруу маселесин карашы мүмкүн экендигин, аны "коргонуу чарасы" деп эсептөөгө болорун айтканы туурасында болуп жатат. Дипломат буга чейин Россияга каршы макалалар биринин артынан экинчиси пайда болгонун белгиледи. Анын берген баасы боюнча бул Батыштын согуштун уланышына кызыкдар болгон тараптарынын кызыкчылыгы үчүн жасалууда.