Программада Кыргызстан үчүн өтө актуалдуу теманын бири — миграция тууралуу сөз кылдык. Өлкөбүзгө жыл сайын миңдеген чет элдик жарандар келип турат, жана маанилүү суроо: алар кайсы мамлекеттерден келет, кайсы тармактарда көп иштейт, кандай уруксат кагаздарынын негизинде Кыргызстанда болууда, визалары бүтүп калганда канча күндүн ичинде мекенине кайтарылат? Ошондой эле, окуу максатында келгендерчи? Мына ушундай суроолорго жооп алдык. Миграциялык чөйрө нормативдик укуктук базаны үзгүлтүксүз өркүндөтүүнү талап кылат. Азыркы мыйзамдарга кандай кошумчалар жана өзгөртүүлөр керек? Миграциялык процесстерди тартипке келтирүү жана өлкөдө коопсуздукту камсыз кылуу үчүн кандай кадамдар жасалып жатканы да маанилүү экенин Эмгек, социалдык камсыздоо, миграция министрлигинин өүлдөрү менен талкууладык.