Конституциялык сот өлүм жазасын кайтаруу сунушун карай турганын, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча президент Садыр Жапаровдун сунуштамасы келип түшкөнүн кабарлады. Эскерте кетсек, ушул жылдын октябрь айында Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда 17 жаштагы Айсулуу Мукашева зордукталып өлтүрүлгөндөн кийин өлкө башчысы өлүм жазасын кайтаруу маселесин көтөргөн. Мыйзам долбоору 13-октябрда коомдук талкууга чыгарылып, ага ылайык, өлүм жазасы балдарды зордуктоо же зордуктоо менен коштолгон адам өлтүрүү учурларына карата колдонулушу мүмкүн. Бирок Акыйкатчы институту мындай чара өлкө 2010-жылы ратификациялаган Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пактынын өлүм жазасын жоюуга багытталган Экинчи факультативдик протоколуна каршы келерин билдирип чыккан. БУУ өкүлдөрү да өлүм жазасын кайтаруу Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерине каршы келерин эскертип, өлкөнүн эл аралык аброюна доо кетирерин кошумчалашкан. Кыргызстан өлүм жазасынан баш тартууну караган эл аралык милдеттенмеден чыга турганын дагы БУУга кабарлаган мыйзам долбоорун сунуштады.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров №13 округдагы видеону карап чыгып, 2-3 күндө чечим кабыл алынарын билдирди. “Сөз болуп жаткан 13-округ боюнча дагы материалдарды карап чыгып, 2-3 күндүн ичинде чечим кабыл алабыз. Биз мамлекеттин репутациясына көлөкө түшүрбөө үчүн адилеттүү чечимдерди чыгарышыбыз керек”, — деди Шайназаров.Ал парламенттик шайлоо жалпы жонунан мыйзамдуу өтүп, административдик ресурс колдонулбаганын билдирди. Эске салсак, социалдык тармакта Ноокендеги №2410 шайлоо тилкесинде депутатыкка талапкер Бакыт Сыдыковдун өкүлдөрү добуш саноо урнасын видеого тарткан видеосу тараган. Жалал-Абад ОИИБ окуя боюнча териштирүү жүргүзүп, материалдар шайлоо комиссиясынын төрагасына жөнөтүлгөн.
Россия менен АКШнын ортосунда Украина маселеси боюнча бир пикир жок, анткен менен Россия лидери Владимир Путин жана АКШ президентинин өкүлү Стив Уиткоффтун сүйлөшүүсү маңыздуу болду. Бул тууралуу өлкө жетекчисинин жардамчысы Юрий Ушаков айтканын РИА Новости жазды. Эскерте кетсек, тараптар кечээ жолуккан. Уиткоффту Трамптын күйөө баласы коштоп келди. Ушаковдун айтымында, АКШнын Украинада тынчтык орнотуу боюнча сунуштарынын маңызы талкууланган, бирок тараптар мунасага келе элек. Жолугушуунун жыйынтыгы менен Москва Вашингтондун баштапкы 28 пунктудан турган планына кошумча дагы төрт документ алганы белгилүү болду. Мындан тышкары сүйлөшүүдө анык бир сунуштар эмес, пландын маңызы талкууланды; Путин Москва айрым нерселерге макул болушу мүмкүн экенин, бирок кээ бир жери кабыл алыныгыс экенин белгиледи; аймактык маселе көтөрүлүп, Россия менен АКШнын экономикалык алакасынын келечеги талкууланды; тараптар сүйлөшүүнүн мазмунун ачыктабай турган болушту; Америка делегациясы Киевге барбай, Кремлдеги жолугушууну АКШда талкуулоону убадалады; Путин Трампка салам айтып, ишарат жасады; Россия менен АКШ президенттеринин жолугушуу ыктымалдыгы сүйлөшүүлөрдөн көз каранды.