Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити өтүп, эл аралык жана аймактык коопсуздук маселелери талкууланды. Кыргызстан төрагалык милдетти Россияга өткөрүп, Эмки саммит 2026-жылы 11-ноябрда Москва шаарында өтмөй болду. Бишкек саммитиндеги көтөрүлгөн маселелер, ЖККУнун куралдуу күчтөрү, кол коюлган документтер, Россиянын курал-жарак боюнча жардамы тууралуу политолог Токтогул Какчекеев айтты.