БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Украина Куралдуу күчтөрүндө Россия менен согушту токтотуп, тынчтык орношун каалаган аскер кызматкерлеринин саны көп. Бул тууралуу Die Welt гезитинин Киевде жүргөн кабарчысы Кристоф Ваннер билдирди.
"Албетте, каршылык көрсөтүүгө, кармашууну улантууга ыктагандар да бар, анткен менен согуш бүтүп, адам өлүмү эртерээк токтосо экен деген украин жоокерлеринин саны көбүрөөк. Мен муну өз көзүм менен көрүп, өз кулагым менен угуудамын", — деген ал эфирден.
Ваннердин пикиринде, Киев режиминин жетекчиси аймактардан кол жууганын моюндагысы келбеген армиянын радикалдуу бөлүгүнүн реакциясынан кооптонуп жатат.
"Россиялыктарга бир карыш жер бербөө үчүн кагылышууну улантууну каалаган аскер кызматкерлери, ультраулутчулдар бар", — деген кабарчы.
Эскерте кетсек, Россия менен Укрина делегациялары Стамбулда үч ирет жолугуп, натыйжада туткундарды алмашууну чечишкен. Мындан тышкары, Россия Украинага өлгөн жоокерлеринин сөөгүн өткөрүп берип, тараптар жаңжалды жөнгө салуу боюнча меморандумдардын долбоорлору менен алмашкан.
Буга чейин РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Россия Украина менен абалды жөнгө салуунун саясий аспектилерин талкуулап, ар ыкмада иштөөгө даяр экенин билдирген. Анткен менен Москва ушу кезге чейин гуманитардык, аскердик жана сасяий маселелерди карай турган үч жумушчу топ түзүү сунушуна Киевден эч кандай жооп келе электиги белгиленген болчу.
Мындан тышкары, Зеленский Россия президенти Владимир Путиндин Москвага чакыруусун четке какканы маалым.