Трамптын өкүлү Уиткофф Москвага келип түштү

Sputnik
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамптын Украина боюнча атайын өкүлү Стив Уиткофф Москвага келип түштү. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Аба майданынан аны Россиянын Түз инвестициялар фондунун башкы директору Кирилл Дмитриев тосуп алган.
Уиткофф Кремлде РФ президенти Владимир Путин менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Буга чейин ал Путинге Украина боюнча макулдашылган планды көрсөтөрү кабарланган.
РФ лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков Путин Уиткоффту Москва убактысы боюнча саат 17.00дө кабыл аларын айткан. Жолугушууга өкүлдөн тышкары Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер да катышат. Песков Путин менен Уиткофф Вашингтон жана Киев макулдашкан планды талкуулай турганын белгилеп, Москва жаңжалды жөнгө салуудагы Трамптын администрациясынын эмгегин жогору баалай турганын кошумчалаган.
"Россия тынчтык сүйлөшүүлөрүнө даяр, бирок атайын операциянын алкагында коюлган максаттарына жетиши керек", — деди Кремлдин өкүлү.
Эскерте кетсек, бул Уиткоффтун Россияга жасаган алтынчы сапары.
Венгрия ТИМ башчысы Европа Россия менен согушууга камданып жатканын айтты