Төө-Ашуудагы жаңы тоннель 640 млн. долларга курулат. Сүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Төө-Ашууда "Келечек" деп атала турган альтернативдик тоннелдин курулушуна 640 миллион доллар сарпталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик билдирди.
Маалыматта мамлекеттик-жеке өнөктөштүк менен салуу каралган макулдашууга аталган агенттик, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги "Тез Жол" ишканасы башында турган компаниялардын консорциуму кол койгону айтылат.
1 / 2

Төө-Ашууда "Келечек" деп атала турган альтернативдик тоннелдин курулушуна 640 миллион доллар сарпталат

2 / 2

Маалыматта мамлекеттик-жеке өнөктөштүк менен салуу каралган макулдашууга аталган агенттик, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги "Тез Жол" ишканасы башында турган компаниялардын консорциуму кол койгону айтылат

Долбоорго ылайык, жаңы тоннель деңиз деңгээлинен 2200 метр бийиктикте салынып, узундугу 11,5 чакырымды түзөт. Азыркысы 3 200 метр бийикте жайгашкан. Тоннель менен бирге төлөм алуучу эки пункт жана 31,3 МВт электр өндүргөн эки чакан ГЭС курулары белгиленди.
Буга чейинки маалыматтарда жаңы маршрут серпантинди кыйгап өтүп, аралыкты 34 чакырымдан 11 чакырымга чейин кыскартары айтылган. Ал эми ашуудан өтүү убактысы эки сааттан 11 мүнөткө чейин азаймакчы. Курулуш иши беш жылга созулат.
Бишкек мэри шаар депутаттарына таштанды заводунун ичин көрсөттү. Видео