Жерден беш тоннага чукул аппаратураны 60 миллион чакырым жол басып, башка планетага жеткирүү оңой иш эмес эле. Советтер Союзунун адистери ошол мезгилдин алкагынан алганда бир топ прогрессивдүү ишти жасашкан.
Марска жетүү ийгиликтүү болуп, ал жактан маалымат алып берүү башталат. Кызыл планетадан жасалган биринчи эфир болгону 14 секундага созулган. Станция 79-саптык сигналды берип жетишкен, бирок андан майда-чүйдөсүнө чейин дароо ажыратуу, айырмалоо оңой болгон эмес.
Мындай ишти америкалыктар үч жыл өткөндөн кийин, 1974-жылдын 20-июлунда жасаган.
2007-жылы MRO (Mars Reconnaissance Orbiter)деп аталган марстык аппарат аталган планетанын бетин тартып алган. 2012-жылы Россиянын байкоо салган тобу 1971-жылдагы советтик салттуу ошол аппараттын издерин тапкан. Тагыраагы, ал жерден "Марс-3" жана анын парашютунун калдыктарын көрүүгө болот эле.
Адистер миңдеген сүрөттөрдү топтогону менен азырынча Птолемейдин түбүндө жаткан легендалуу "Марс-3" аппаратын таба элек.