Жогорку Кеңеш шайлоосу — 2025

БШК: шайлоонун акыркы жыйынтыгы 14-декабрга чейин чыгат

Sputnik
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Парламенттик шайлоонун акыркы жыйынтыгы 14-декабрга чейин чыгарын Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
БШК автоматтык саноочу урна (АСУ) алдын ала гана жыйынтык берерин эскертип, кол менен эсептеген санак акыркы болорун маалымдады. Жыйынтынты үч күндүн ичинде кайра кароо мүмкүн болот.
Буга чейин бир катар талапкерлер шайлоодо мыйзам бузуулар болгонун айтып чыгышкан. Ошол эле учурда эл аралык байкоочулар олуттуу укук бузуулар катталбаганын билдиришүүдө.
Эскерте кетсек, шайлоо 30-ноябрда өтүп, АСУнун берген маалыматынын негизинде Жогорку Кеңешке депутат болуп шайлангандардын болжолдуу тизмеси чыккан.
Жогорку Кеңеш шайлоосу — 2025
Жапаров: келерки парламенттик шайлоодо эл онлайн добуш берип калышы мүмкүн