"Манасты" жайылтууда бул маселе "Манас" театрына, "Манас" академиясына же Улуттук илимдер академиясына тиешелүү дебей иш алып баруу керек. Ал үчүн үч маанилүү жагдайды эске алуу керек. Биринчиси, "Манастын" илимий багытын ачууда археологиялык казуу жасала элек. Анткени акча жана бул тармакта күчтүү археолог жетишпейт. Экинчиси, бизде бул багытта илим докторлору, кандидаттар бар. Бирок текстологиялык, филологиялык гана талдоо жүрдү. Ал эми физикада, медицинада, башка тармактарда жылыш жок. Үчүнчүсү — варианттуулук. "Манастын" 80 варианты бар. Анын көп болгону манасчыларга, аны изилдегендерге, жыйнагандарга гана керек. Көпчүлүк үчүн түшүнүктүү, бай, көркөм болгон бир вариант керек. Манастын ата-бабаларынын ирети ар башка, 40 чоронун өзөгүндө айырмалар бар. Ошондуктан "Манастын" жаңы бирдиктүү вариантын иштеп чыгыш керек. Режиссёрлор кино, мультфильм тартсын, сахналаштырсын", — деди Талантбеков.