БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. АКШда жол кырсыгынан кийин оор жаракат алган кыргызстандык жигит каза болду.
Тышкы иштер министрлиги анын сөөгү жакынкы күндөрү мекенине жөнөтүлөрүн билдирди.
Каргаша октябрдын соңунда Индиана штатында болгон. Анда эки кыргызстандык жигит каза болуп, үчүнчүсү оор абалда экени айтылган.