БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Кыргызстанга акча которуу боюнча эң ири оператор Россия валютасы рубль менен келген каражаттан 1,5 пайызга чейин комиссия киргизилгенин жарыялады.
Astrasend компаниясынан комиссия 1-декабрдан баштап киргизилгенин билдиришти. Комиссияны бул жактан каражатты чыгарып берген өнөктөш уюмдар алышы мүмкүн. Компаниянын сайтында Кыргызстан боюнча өнөктөштөрдүн 1000ден ашык бөлүмү бар экени белгиленген.
Улуттук банктын маалыматына караганда, биринчи жарым жылдыкта 78,8 миллиард сом аталган компания аркылуу өлкөгө жөнөтүлгөн. Бул — которулган жалпы акчанын жарымынан көбү.