Көлдүн тебеленди болгон аймактарына кам көрүү аракети жүрүп жатат

Sputnik
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Ысык-Көлдүн тебеленди болуп жаткан аймактарына туристтерди чектеп киргизүү сунушталды. Бул туурасында "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык системасын 2030-жылга чейин өнүктүрүү планында жазылган.
Анда саякаттагандар, эс алуучулар үчүн экологияны коргоо максатында атайын тартип каралат.
Тагыраагы, бул система аркылуу туристтер алдын ала катталып, белгилүү бир лимит менен гана аймакка кире алышат. Мындай чектөө документте белгиленгендей, туристтик агымды көзөмөлдөп, жаратылышка келчү зыянды болушунча азайтууну көздөйт.
Ысык-Көл, Нарында 792 миң гектар жерде "Ак илбирс" экологиялык коридору түзүлдү