Көчмөндөр оюндарында көөкөрдөгү мөңгү суусу олимпиадалык оттун аналогу болот

Sputnik
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Кыргызстанда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында "Биримдик кербени" долбоору башталды. Бул тууралуу ДКОнун катчылыгынан кабарлашты.
Ага ылайык, суу Көчмөндөр оюндарынын символикасына айланып, жашоодогу маанисин белгилейт.

"Көчмөндөр оюндарынын философиясы боюнча, суу — биримдиктин жана жаңылануунун белгиси", — деп айтылат маалыматта.

Долбоордун этаптары:
жыл соңуна чейин баатырлар, элчилер жана суу алуучу булак (көл, дарыя, булак) аныкталат;
2026-жылдын июнь айында баш баатыр Кан-Теңир чокусунун мөңгүлөрүнө көтөрүлүп, кыргыз элинин биримдигин туюндурган көөкөргө суу толтурат. Андан соң көөкөр Бишкек шаарындагы суу сактала турган аянтчага жеткирилет. Ошол эле маалда ар бир аймактан алып келинген суу куюлган көөкөрлөр тизилип, аларды көрүп турууга болот;
2026-жылдын 31-августунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде баатырлар менен элчилер кербен менен "Бишкек аренасын" көздөй бет алышат.
Акибаев: Көчмөндөр оюндары Кыргызстанга миллиондогон туристтерди тартты