ЕБдин мурдагы баш катчысы менен евродипломатиянын мурдагы жетекчиси кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Бельгияда Евробиримдиктин дипломатиялык кызматынын мурдагы башкы катчысы Стефано Саннино менен евродипломатиянын мурдагы жетекчиси Федерик Могерини кармалды. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.
Басылма Euractiv сайтына шилтеме берип, Саннино ЕБдин дипкызматынын штаб-квартирасындагы тинтүүдөн кийин кармалганын жазган. Бельгиянын федералдык полициясынын маалымат кызматы агенттикке маалыматты тастыктоодон же төгүндөөдөн баш тарткан.
Могерини дипломаттарды окутуу программасын каржылоо боюнча алдамчылык иштин алкагында кармалганын Soir гезити жазды.
Шейшемби күнү эртең менен Брюсселдеги Евробиримдиктин тышкы саясий кызматынын штаб-квартирасында жана Брюсселдеги Европа колледжинде тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Прокуратура үч киши кармалганын билдирген. Иликтөө академиянын Евробиримдик өлкөлөрүнүн жаш дипломаттарын тогуз айлык окуудан өткөргөн долбооруна байланыштуу экени айтылган.
Euractiv порталынын айтымында, тергөөчүлөрдү институттун 2022-жылы 3,2 миллион еврого имарат сатып алганы кызыктырган. Прокуратуранын айтымында, колледж жана анын өкүлдөрү купуя маалыматтарды алып, муну менен тендердин таза өтпөй калышына шарт түзгөн. Тинтүү жүргүзүүнүн алдында көзөмөл органы бир нече айыпталуучунун кол тийбестигин алып салууну суранып, өтүнүч канааттандырылган.
Захарова евродипломатиянын мурдагы башчысынын кармалышы боюнча үн катты