БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров №13 округдагы видеону карап чыгып, 2-3 күндө чечим кабыл алынарын билдирди.
“Сөз болуп жаткан 13-округ боюнча дагы материалдарды карап чыгып, 2-3 күндүн ичинде чечим кабыл алабыз. Биз мамлекеттин репутациясына көлөкө түшүрбөө үчүн адилеттүү чечимдерди чыгарышыбыз керек”, — деди Шайназаров.
Ал парламенттик шайлоо жалпы жонунан мыйзамдуу өтүп, административдик ресурс колдонулбаганын билдирди.
“Ал эми добушун саткан жарандар, добуш сатып алган талапкерлер боюнча маалыматтар, видеофактылар келип жатат. Андай далилдер социалдык тармактарда дагы жарыяланып жатканын көрүп жатабыз. Ал видеофактылардын көпчүлүгү бизде жана ИИМде да бар. Биздин колубузга келе электерин социалдык тармактардан алып, териштирип баштадык”, — деди БШК төрагасы.
Эске салсак, социалдык тармакта Ноокендеги №2410 шайлоо тилкесинде депутатыкка талапкер Бакыт Сыдыковдун өкүлдөрү добуш саноо урнасын видеого тарткан видеосу тараган. Жалал-Абад ОИИБ окуя боюнча териштирүү жүргүзүп, материалдар шайлоо комиссиясынын төрагасына жөнөтүлгөн.