Бишкектин чыгышында акы төлөнүүчү айланма жол салынат

Sputnik
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Бишкек шаарынын чыгыш аймагында акы төлөнүүчү айланма жол салынат. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтому чыкты.
Маалыматта өкмөт мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун жактырганы айтылат. Бул үчүн 79,8 гектар жер аныкталат, зарылдык жаралса тийиштүү жер тилкелери трансформацияланмакчы. Азырынча жол кайсы жерден өтөрү белгилүү боло элек, болгону чыгыш бөлүгүнө салынары маалымдалды.
Жолдун курулушу жана тейлөөсү МЖӨ форматы менен жүргүзүлөт.
Бишкектин Ауэзов көчөсүндөгү көпүрө ачылды. Сүрөт, видео