Спирин: Бишкектин башкы планы шаардыктардын кызыкчылыгын коргойт

Sputnik
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Бишкек шаарынын башкы планы ири алдыда калаалыктардын кызыкчылыгын коргоого багытталган. Бул туурасында Санкт-Петербургдагы Шаар куруу боюнча илим-изилдөө институтунун директору Павел Спирин документти эксперттер талдап жатканда айтты.
Ал борбор калаада жеке курулуш менен коомдук кызыкчылыктардын ортосундагы теңдештик бузулуп, мындан улам курулуш көйгөйлөрү топтолуп калганын белгиледи. Башкы план 2050-жылга чейин инфраструктуранын ар тараптуу өнүгүшүн жана коопсуз, ыңгайлуу шаар чөйрөсүн түзүшү керектигине токтолду.
"Үйлөрдү куруу балдар бакчаларынын, мектептердин жана жашыл аймактардын эсебинен жүргүзүлбөшү керек. Мындан көрө ар тараптуу өнүктүрүү программасына өтүү туура болот", — деди Спирин.
Россиялык адис долбоорду иштеп чыккандар шаардыктардын сунуш-пикирин укканга, алар менен диалог курууга ачыктыгын айтты. Мындан аркы иште алардын айткандарын да эске салып, караштыра тургандыктарын баса белгиледи.
Иштин жүрүшүндө негизги басым, социалдык жайларга, транспортко жана жашыл аймактарды сактап калууга жасалмакчы.
Эске салсак, Бишкек шаарынын башкы планы Санкт-Петербургдун аталган илим-изилдөө институту мененм биргеликте иштелип чыккан.
Пресс-борбор
Бишкек мэри: дүрбөлөңгө түшпөгүлө, жашыл аймактагылардын үйү түрттүрүлбөйт