Бишкек мэри шаар депутаттарына таштанды заводунун ичин көрсөттү. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Бишкек шаары таштандыны кайра иштетип электр өндүргөн жаңы заводдун расмий ачылышына даярданып жатат. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Маалыматка караганда, калаа башчысы шаардык кеңештин депутаттарына заводду көрсөтүп чыккан.
Белгилей кетсек, ишкана өндүргөн энергиясын жалпы электр тармактарына бере баштаган. Таштанды күйгөндөн кийинки калдыктан курулуш материалдары жасалары айтылууда.
Жакында заводдун расмий ачылышы болот.
Бишкекте таштандыны иштеткен заводго тиричилик калдыктары жеткириле баштады