БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Бишкектеги бала бакчалар массалык түрдө жабылбайт. Бул тууралуу мэрия кабарлады.
Маалыматка караганда, сасык тумоо күчөп жатканына байланыштуу борбордогу бала бакчаларды жабууда эпидемиологиялык абалга жараша чечим кабыл алынат.
"Канча бала бакча жабылганы тууралуу так айтуу мүмкүн эмес. Анткени, бир күнү 20 бала бакча жабылса, алардын кээ бири абалга карап эртеси эле кайра ачылып калышы мүмкүн", — дешти мэриядан.
Буга чейин бир катар ЖМКлар шаарда 25ке жакын бала бакча сасык тумоого байланыштуу карантинге жабылганын жазышкан.