Тургунбай Садыков 90 жашта: мурас, искусство жана улуу устаттын мектеби

Sputnik
Биз “Туяк” программасында кыргыз искусствосунун көрүнүктүү өкүлү, эл сүрөтчүсү Турганбай Садыковдун 90 жылдык мааракесине карата маектештик. Бизде мейманда Жакшыбек Жунушев жана Рахат Токтобаева болду. Скульптура искусствосунун өнүгүшүнө зор салым кошкон устаттын чыгармачылыгы, анын искусствого болгон көз карашы жана мурастап кеткен баалуулуктары тууралуу шакирттери менен кеңири сүйлөштүк. Турганбай Садыковдун эмгектери улуттук маданияттын ажырагыс бөлүгү болуп, көптөгөн муундарды тарбиялап келет. Маекте улуу сүрөтчүнүн турмуш жолу, чыгармачылыгынын өзгөчөлүгү, кыргыз скульптура мектебине кошкон салымы жана бүгүнкү күндө анын жаңыча бааланган мурасы тууралуу сөз болду.