Муун оорусун кантип алдын алуу керек? — ортопед менен маек

Sputnik
Муун оорусу коркунучтуу дарт. Ал ар кандай себептерден улам пайда болушу мүмкүн. Спорттук машыгуулар учурунда алган жаракат же жөн эле ашыкча салмак деле муун оорусуна себепкер болушу мүмкүн. Аны өз убагында дарылабаса оор кесепеттерге алып келет. Мындан улам адисттер дароо дарыгерлерге кайрылууга кенеш берип келет. Бүгүнкү программада ал кантип пайда болору, аны туура дарылабай койсо кандай натыйжага алып келери жана дегеле аны кантип алдын алуу керектиги тууралуу травматолог-ортопед Актан Сардарбеков менен маектештик.