Шайлоодо техникалык жактан киргизилген жаңычылдыкты жогору бааладык – эл аралык байкоочуТүштүк-Чыгыш Азиядагы суу ташкындары миңден ашык адамдын өмүрүн алдыБШК шайлоонун акыркы жыйынтыгы 14-декабрга чейин чыгарын билдирдиАлдыда кененирээкПарламенттик шайлоонун акыркы жыйынтыгы 14-декабрга чейин чыгарын Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. БШК автоматтык саноочу урна алдын ала гана жыйынтык берерин эскертип, кол менен эсептеген санак акыркы болорун маалымдады. Жыйынтынты үч күндүн ичинде кайра кароо мүмкүн болот. Буга чейин бир катар талапкерлер шайлоодо мыйзам бузуулар болгонун айтып чыгышкан. Ошол эле учурда эл аралык байкоочулар олуттуу укук бузуулар катталбаганын билдиришүүдө. Эскерте кетсек, шайлоо 30-ноябрда өтүп, АСУнун берген маалыматынын негизинде Жогорку Кеңешке депутат болуп шайлангандардын болжолдуу тизмеси чыккан.
Кыргызстанда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо техникалык жактан киргизилген жаңычылдыкты жогору бааладык. Бул тууралуу 1-декабрда “Ынтымак Ордодо” президент Садыр Жапаров менен шайлоого көз салган эл аралык байкоочулар миссияларынын жетекчилери жана бир катар мамлекеттердин Борбордук шайлоо комиссияларынын төрагаларынын жолугушуусунда КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын кеңешинин катчылыгынын жетекчиси Дмитрий Кобицкий билдирди. Анын айтымында, КМШ миссиясынын 71 эл аралык байкоочусу Кыргызстанда өткөн парламенттик шайлоого көз салды. Алар КМШ өлкөлөрүндө, Франция, Корея жана башка мамлекеттерде ачылган шайлоо тилкелеринде болушту. “ Бюллетень мурдагыдай алдын-ала чыгарылып даярдалбастан, шайлоочу каттоодон өтөрү менен 30 секунда ичинде жеринде дароо чыгарылып берип жатты. Мындай техникалык жактан киргизилген жаңычылдыкты көрүп, ишти жогору бааладык”, - деди ал. Белгилей кетсек, Кыргызстанда 30-ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого 58 өлкөдөн 788 эл аралык байкоочу көз салды.
Бишкектеги бала бакчалар массалык түрдө жабылбайт. Бул тууралуу мэрия кабарлады. Маалыматка караганда, сасык тумоо күчөп жатканына байланыштуу борбордогу бала бакчаларды жабууда эпидемиологиялык абалга жараша чечим кабыл алынат. "Канча бала бакча жабылганы тууралуу так айтуу мүмкүн эмес. Анткени, бир күнү 20 бала бакча жабылса, алардын кээ бири абалга карап эртеси эле кайра ачылып калышы мүмкүн", — дешти мэриядан. Буга чейин бир катар ЖМКлар шаарда 25ке жакын бала бакча сасык тумоого байланыштуу карантинге жабылганын жазышкан.
"Дитва" циклонунан улам пайда болгон суу ташкындары акыркы бир жумада Индонезия, Таиланд, Малайзия жана Шри-Ланкада миңден ашык адамдын өмүрүн алды, деп Al Jazeera билдиргенин Интерфакс жазды. Маалыматка караганда, Индонезияда 502 адам каза болуп, жүздөгөн адамдар дайынсыз жоголгон. Өлкө президенти Прабово Субианто журналисттерге Индонезия өкмөтү жабыркаган айылдардын тургундарына тез жардам көрсөтүү үчүн аба күчтөрүн жөнөтүп жатканын айтты. Шри-Ланкада суу ташкынынан 335 адам көз жумду. Өлкө бийлиги өзгөчө абал жарыялап, эл аралык коомчулуктан суу ташкынынын кесепеттерин жоюуга жардам сурап кайрылды.Аймакка узакка созулган жамгырларды алып келген "Дитва" циклону 2025-жылдын ноябрь айынын аягында Инд океанында пайда болуп, 29-ноябрда шамалдын ылдамдыгы 20,8 м/с жеткен. Циклон 30-ноябрда жайлап калды деп айтылууда.