Жогорку Кеңеш шайлоосу — 2025

Жогорку Кеңешке келе тургандардын жаш курагы. Сандар

Sputnik
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Sputnik агенттиги Жогорку Кеңештин сегизинчи чакырылышынын депутаттыгына ат салышып жаткан талапкерлердин жаш курактарын ачык булактарда жарыяланган өмүр баяндарга карап анализдеди.
Ага ылайык, эң жаш депутат 25те болсо, эң улуусу 69 жашта. Болочок парламент депутаттарынын орточо жаш курагы — 46.
Депутаттыкка бараткандардын жаш курагы боюнча бөлүштүрүлүшү:
25тен 29 жашка чейин — эки депутат;
30дан 39га чейин — 24 депутат;
40тан 49га чейин — 32 депутат;
50дөн 59га чейин — 26 депутат;
60 жаштан жогору курактагылар — 6 депутат.
Парламентке жалпы жонунан 90 депутат өтөт.
Жогорку Кеңештин болочоктогу 90 депутатынын жаңыланган тизмеси