Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украина ТИМи жасаган чабуулу үчүн Казакстан алдында актанганга аракет кылды

Sputnik
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Украинанын Тышкы иштер министрлиги Каспий түтүк өткөргүч консорциумунун (КТК) маанилүү инфраструктурасына жасалган чабуул боюнча Казакстан алдында актанууга аракет кылды. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Консорциумдун билдирүүсүндө, 2025-жылдын 29-ноябрында Москва убактысы боюнча саат 04:06да КТКнын деңиз терминалынын акваториясында башкаруучусуз катерлерди колдонуп, террордук чабуул болгондугу айтылды. Андан улам жүктөө-причал жабдуусу талкаланган.
Казакстандын ТИМи бул кол салууга карата нааразылыгын айткан.
"Каспий түтүк өткөрүү консорциумунун инфраструктурасы боюнча Казакстандын түйшөлүп жатканы эске алынды", — деп айтылат Украина ТИМинин Telegram каналындагы билдирүүдө.
Алардын айтымында, Казакстан инфраструктурасына жасалган чабуул "Казакстанга же башка үчүнчү тараптарга каршы багытталган эмес".
Каспий куурунун консорциуму Россиянын, АКШнын, Казакстандын жана Батыш Европанын бир катар өлкөлөрүнүн ири отун-энергетикалык компанияларын бириктирет. Ишканадан билдиришкендей, КККга кол салуу – ага мүчө өлкөлөрдүн кызыкчылыгына да кол салуу катары эсептелет.
Казак Тышкы иштер министрлиги Украинага нааразылыгын билдирген.
"Бул окуяны Казакстан менен Украинанын ортосундагы мамилеге зыян келтирүүчү аракет катары баалайбыз жана Киев бийлигинен келечекте мындай окуяларды болтурбоо боюнча натыйжалуу чара көрүүсүн күтөбүз", — деген Казакстан ТИМи эл аралык укуктун нормалары бузулганын белгилеген.
КТК Казакстандын үч ири кенинен: Тенгиз, Кашаган жана Карачаганактан чыккан мунайды ташыйт. "Казтрансойлдун" маалыматы боюнча, 2024-жылы КТК системасына 4,2 милилон тонна мунай жөнөтүлүп, өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик бир миллион тоннага көп болгон.
Жылдык кубаттуулугу 83 миллион тонналык бул түтүк Каспийден дүйнөлүк рынокторго чыккан эң ири мунай багыты жана Казакстандын экспортунун 80 пайызынан ашыгын камсыздайт. Узундугу 1,5 миң чакырым магистраль Батыш Казакстандагы кендерди Кара деңиз жээгиндеги КТК терминалы менен туташтырып, мунайды танкерлерге жүктөп жөнөтөт.
Украина Казакстандын мунай кууруна чабуул жасап, Астана нааразычылык билдирди