БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Президент Дональд Трамп элди АКШдан чыгара турган "тескери миграциянын" концепциясын сунуштаганын РИА Новости кабарлады.
Ак үйдүн расмий өкүлү Каролин Левитт Афганстандан келген эки кишинин террорчулукка шектелип камакка алынган окуясынан улам Жо Байден башында турган АКШнын мурунку администрациясы улуттук коопсуздукка доо кетирген кризисти жаратканын белгиледи. Анын айтымында, масштаб өтө чоң. New York Post гезити өлкөнүн Ички коопсуздук министрлигинин маалыматына таянуу менен АКШга 2021-жылдан тарта келген 5000 афгандыкты күч түзүмдөрү улуттук коопсуздукка коркунуч жаратышы мүмкүн болгон топко кошкон.
"Бул өлкөбүздө жүргөн адамдарды кууп чыгыш керек дегенди түшүндүрөт. Алардын жоголушун каалайм. Мамлекет ичинде жүрбөшү керек болгон адамдар өтө көп", — деди Трамп Флоридадан Ак үйгө кайтып бара жатып.
Эскерте кетсек, мигранттарга нааразычылык Ак үйдүн улуттук гвардиячыларына жасалган кол салуудан кийин күчөгөн.
Кечээ Техастын Форт-Уэрт шаарында жардыруу уюштурам деп Ак үйдүн Улуттук гвардиясынын жоокерлерине түбү афганстандык киши кол салып, камакка алынган. Аталган шаарда Финансы министрлигинин доллар басып чыгарган мекемеси иштейт.
26-ноябрда дагы бир Афганстандан келген адам Ак үйгө жакын турган жоокерлерге ок чыгарган. Эки киши жаракат алып, 20 жаштагы Сара Бекстром көз жумган. Ал эми анын 24 жаштагы кесиптеши азыр ооруканада.