Советтер Союзунда бул айбаттуу куралды иштеп чыгуу 1976-жылы башталган. Плесецк космодромунда 1982-1988-жылдары жасалган жайкы сыноолордон үч жыл өткөндөн кийин аларды аскердик нөөмөткө кое башташат.
Биринчи комплексти дежурлукка 1985-жылы 23-июлда алып чыгышкан. Ал эми үч жылдан соң 1-декабрда айбаттуу курал кадимки тартип менен кабыл алынган.
"Тополь" ракеталык комплекси НАТОну өзөктүк жактан ооздуктап турган ишенимдүү аргументтердин бири болуп келди.
Бул кубаттуу куралдын долбоору жана аны жасап чыгуу иштери кандай жүргөнү азыркыга чейин жашыруун болуп, ачыкталбай келет. Ал эми мүнөздөмө үстүртөн гана берилген.
Кийинчерээк бул курал жаңыланып, кошумчаланып, "Тополь-М" жана "Ярс" пайда болуп, Куралдуу күчтөрдөгү комплекстердин катарын толуктады.