БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Азыр Европа кутурмага чалдыккан сыңары алдастап, айласын таппай жатат. Мындай пикирин "Россия сегодня" эл аралык медиатобу менен RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян Европадагы геосаясий процесстер тууралуу айтып жатып билдирди. Бул туурасында Sputnik Ближнее зарубежье жазды.
Ал "Россия 1" телеканалынын эфирине катышкан.
"Европа бүгүнкү күндө кутурмага чалдыккан сыңары алдастап, айласын таппай жатат. Ал эми кутурма — бүгүнкү күндө айыкпай турган, өлүм менен бүтчү оору", — деген ал.
Ал геосаясий кырдаалды илдетке салыштырып сүрөттөгөн.
"Мисалы, айныксыз белгиси — жарыктан коркуу. Алар бизден чочулашат, анткени биз жарык алып келебиз. Алар бизге суктанат. Бул — ураган империялардын бутуна бекем тургандарды көрө албастыгы", — деген Симоньян.