БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Келиндер арасында "Дүйнө сулуусу" сынагын жеңген Сания Шакированын өлүмүнө кириптер болгон киши ичип алып, милиция менен чатакташып, кайрадан тартип сакчыларынын тузагына илинди. Бул туурасында Кайгуул милициясынын маалымат кызматынын өкүлү Надырбек Жусупов билдирди.
Шакированын өмүрүн алган окуя 2018-жылы жайында, тагыраагы, июнда болгон. Ал түшүп бара жаткан автоунаа көрүстөндүн тосмосуна урунуп, трагедия болгон эле.
Кырсыктын болушуна мурдагы милиционер Чыңгыз Кондурбаевдин тиешеси бар экени аныкталып, жабыркаган тараптын жактоочусу буга чейин Кондурбаев ичип алып рулга отурганын сотто моюндаганын айткан. Жогорку сот аны беш жылга кескен.