Садыр Жапаров бир катар кадрларды алмаштырды

Sputnik
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Садыр Жапаров бир катар кадрдык өзгөртүүлөрдү жасады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Өлкө башчы кол койгон жарлыктарга ылайык, Канат Жумагазиев президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулуп, ордуна Азамат Осмонов дайындалды.
Осмонов аркалап келген президенттин аминистрациясынын жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси кызсатына Азамат Апсатаров отурду. Ал мурда мамлекет башчысынын кеңешчиси болду.
Коопсуздук кеңешинин катчысы Бактыбек Бекболотов да иштен алынып, ордуна УКМК төрагасынын биринчи орун басары Рустам Мамасадыков барды. Ал эми бул кызматка Курванбек Авазов отурду.
Мындан тышкары, Даниэль Рысалиев УКМК төрагасынын орун басары — Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борбордун директору болуп дайындалды.
Өлкө башчынын дагы бир жарлыгы менен Элчибек Жантаев президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Эми ал Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп калды.
Арслан Койчиев мамлекеттик катчы болду