Бишкекте мас айдоочу сүзүп кеткен 19 жаштагы кыз каза болуп калды

Sputnik
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Бишкекте мас айдоочу 19 жаштагы кызды сүзүп, натыйжада ал каза болуп калды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Кырсык 30-ноябрда саат 4:20лар чамасында болгон. Hyundai Sonata машинасынын 19 жаштагы айдоочусу Жайыл баатыр көчөсү менен чыгышты көздөй баратып, Чортеков көчөсү менен кесилишкен жерге жетпей жөө киши өтө турган тилкеден кызды сүзүп кеткен.
Алган жаракатынан жабырлануучу көз жумган. Айдоочунун мас экени айтылды.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, автоунаа айып короого токтотулган. Экспертизалар дайындалды.
Небереси менен чоң энесинин өмүрүн алган жол кырсык боюнча өспүрүм камалды