БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Кыргызстанда биринчи класстын окуучулары үчүн кышкы каникул дээрлик бир айга созулушу мүмкүн.
Расмий түрдө бардык окуучулардын кышкы эс алуусу 31-декабрдан 11-январга чейин белгиленген. Бирок Агартуу министрлигинин базистик окуу планында биринчи класстын окуучулары үчүн каникулду 24-декабрдан 18-январга чейин узартуу сунушталууда.
Белгилей кетсек, 1-класстарда сабактар 35, көнүгүү жана музыкалык тыныгуулар 10-15 мүнөттөн болот. Экинчи класстар 40 мүнөттөн окуса, 3-11-класстарда 45 мүнөткө созулат.