Жогорку Кеңеш шайлоосу — 2025

Жапаров: келерки парламенттик шайлоодо эл онлайн добуш берип калышы мүмкүн

Sputnik
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Кыргызстандагы шайлоодо онлайн добуш берүү системасын киргизүү пландалууда. Бул туурасында президент Садыр Жапаров ЖКнын шайлоосуна келген эл аралык байкоочулар миссиясынын жетекчилери менен жолукканда айтканын "Кабар" улуттук маалымат агенттиги билдирди.
Мамлекет башчысы буга чейин партиялык тизмедеги бирден онго чейинки орундар бир миллион доллардан тарта соодаланып, депутат боло тургандар мандатты сатып алгандыктан эл алдына чыкпаганына токтолгон.
"Ошондой эле "карусель" деген да сөз бар эле. Адамдарды бир участоктон бирине ташып, добуш салдырышкан Азыр ушундай коррупциялык көрүнүштөр жок кылынды. Кайталап добуш берем десе, кайсы тилкеде добуш бергени чыгып калат. Шайлоо мажоритардык системада өттү", — деген Жапаров.
Ал шайлоочулардын добуш беришин жөнөкөйлөтө турган системаны киргизүүгө ниеттенип жаткандыгын билдирген.
"Кийинки шайлоолордо онлайн түрдө добуш берүүнү киргизүүнү пландап жатабыз. Мында шайлоочулардын катышуусу 80 пайызга чейин жетиши мүмкүн. Бул ыкманы президенттик шайлоодо колдонууга жетишпей калабыз. Андыктан эмки парламенттик шайлоодо онлайн добуш берүү ыкмасын киргизүүнү пландап жатабыз", — деген президент.
Эске салсак, кечээ эл Жогорку Кеңештин депутаттарын тандады. Бул сапар мурдагысынан айырмаланып, шайлоочулар өздөрүнө ыңгайлуу жерге барып тандаган талапкерлери үчүн добуш берди.
Соңку маалымат боюнча, шайлоочулардын 36,9 пайызы, тагыраагы, 1 миллион 584 миң 400 адам добуш берген. Жалпысынан 4,3 миллион кыргызстандыктын шайлоо укугу бар.
Шайлоого келгиле, ар бир добуш тагдыр чечет! Садыр Жапаров добуш берип элге кайрылды