Радио

Мамытов: ИДПны эсептөөнүн үч ыкмасы бар

Экономист Улукман Мамытов экономикадагы негизги терминдердин бири болгон ички дүң продукциясы кантип эсептелип, эмнеден алынарын айтып берди.
Sputnik
ИДПны үч методика менен эсептесе болот. Ар өлкө өзүнө ылайыктуусун тандайт. Бул тууралуу Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, илимде эсептөөнүн дагы бир түрү — Жалпы улуттук продукт деген бар, айрым өлкөлөр мына ушул эсептөөгө басым жасашат. Мында өлкөнүн өзүндө өндүрүлгөн продуктудан түшкөн каражат эсептелет.
"Ички дүң продукцияны эсептөөдө жалпысынан үч метод болсо, анын бири кошумча нарктан эсептелет. Кошумча нарктын көп чогулганы ИДПнын өсүшүн шарттайт. Экинчи методикасында кирешенин негизинде эсептелет. Анын формуласына ылайык, киреше келген булактар жердин ижарасы, бизнеске же түрдүү долбоорлорго салынган капитал, алардын пайызынан түшкөн кирешелер, жумушчулардын эмгек акысынан түшкөн акчалар, мындан сырткары, ар бир ишкердин тапкан кирешеси, андан мамлекетке түшкөн каражат жана чогултулган салыктын эсебинен ички дүң продукция келип чыгат. Мына ушунун баары биригип, кирешенин негизинен келип чыккан ИДП деп айтылат. Ошондой эле чыгашанын негизинде ИДП көрсөткүчү бар, көп мамлекеттер ушуну колдонот. Чыгаша болгондо ал жакка инвестиция, өкмөт жолдорго жана башка курулуштарга, социалдык долбоорлорго короткон каражат, коопсуздук маселелери, соода-сатык балансы кирет. Бул — үчүнчү методдун негизгиси керектөөсү. Мисалы, Батыш мамлекеттери ИДПсынын 70 пайызын коротот деп айтылат. Ушул чыгашанын негизинде ИДПны эсептөөдө да ар мамлекет ар түрдүү эрежелерге таянат. Мисалы, АКШда өзүнүн үйү бар адам, эгер ал ошол турак жайды ижарага алса, мисалы, айына 1000 доллар төлөмөк, өз үйүндө жашап ага 1000 доллар киреше болууда деген логика менен жашоочунун кирешеси катары эсептелип кетет. Ушундай жолдор менен киши башына эсептей келгенде ИДП жогору болуп калат", — деди Мамытов.
Изилдөөчү ИДПны эсептөөдө инфляциянын таасиринен сырткаркы сандар айтылса, бул өсүү болуп саналарын кошумчалады.